Бешикташ атаандашы менен теңме-тең ойноду

Футболдук таймаш кызуу өттү

601820
Бешикташ атаандашы менен теңме-тең ойноду

Түркиянын Бешикташ командасы Чемпиондор лигасынын «Б» тайпасындагы төртүнчү мелдешинде Италиянын Неаполь командасын тосуп алды.

Түрк командасы кызуу өткөн оюнда атаандашы менен 1-1 эсебинде теңме-тең ойноду.

Тайпадагы берки таймашта болсо Бенфика өз талаасында Динамо Киевди 1-0 эсебинде жеңди.

Бул жыйынтыктардан кийин «Б» тайпасында Неаполь 7 балл менен биринчи, Бенфика 7 балл менен экинчи, ал эми 6 балл менен Бешикташ үчүнчү болду.

Төртүнчү болгон Динамо Киевдин болсо 1 гана баллы бар.

Чемпиондор лигасында «А», «С» жана «Д» тайпаларында ойнолгон мелдештердин жыйынтыктары төмөнкүчө:

«А» тайпасы:

БАЗЕЛЬ 1-2 ПСЖ

Лудогорец Разград 2-3 АРСЕНАЛ

«C» тайпасы:

Менхенглабдах 1-1 Селтик

Манчестер Сити 3-1 БАРСЕЛОНА

«D» тайпасы:

ATLETICO МАДРИД 2-1 РОСТОВ

ПСВ 1-2 Бавария



Тектеш кабарлар