Кол күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта Түркиянын ийгилиги

Чемпионатка 50дөн ашуун өлкөдөн 1 миң 300гө жакын спортчу катышты.

586280
Кол күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта Түркиянын ийгилиги

Болгариянын түштүгүндөгү Благоевград шаарында өткөрүлгөн 38-Дүйнөлүк кол күрөш чемпионатында Түркия 6 алтын, 12 күмүш жана 15 коло медалга ээ болуп, жалпы эсепте төртүнчү болду.

Түрк курама командасы жаштар арасында болсо экинчиликти алды.

Чемпионатка 50дөн ашуун өлкөдөн 1 миң 300гө жакын спортчу катышты.

Түркияны эң жакшы өкүлдүк кылууга аракет кылгандарын баса белгилеген Түркиянын фитнес жана кол күрөш боюнча федерациясынын жетекчиси Ниязи Курт: «Келээрки жылы өтө турган Европа жана дүйнөлүк чемпионаттарда командабызды күчтөндүрүп, дагы да чоң ийгиликтерге жетишүү үчүн аракет кылабыз»,-деди.

Дүйнөлүк кол күрөш федерациянын конгрессинде 2018-жылы өтүүчү дүйнөлүк чемпионаттын Түркияда өткөрүлүшү үчүн кайрылгандарын белгилеген Ниязи: «Мүчө өлкөлөрдүн толугунун катышуусу жана колдоосу менен бул чемпионаттын өлкөбүздө өткөрүлүшүнө чечим чыгардык»,-деди.



Тектеш кабарлар