Түркия - Исландия матчы

Түркия 2018  ФИФА дүйнөлүк кубогунун Европа тандоолорунун биринчи группасында бүгүн кечинде Исландия менен беттешет

585832
Түркия - Исландия матчы

Түркия 2018  ФИФА дүйнөлүк кубогунун Европа тандоолорунун биринчи группасында бүгүн кечинде Исландия менен беттешет.

Исландиянын борбор шаары Рейкьявикте ойноло турган матч Түркия убактысы боюнча саат 21:45те башталат. Беттешүүнү Англиянын футболдук федерациясынан Марк Клаттенбург башкарат. Клаттенбургдун жардамчылары Жек Коллин менен Симон Петер Беннетт. Беттешүүнүн төртүнчү судьясы болсо Энтони Тайлор.

Группада биринчи матчында Хорватия менен 1 – 1, экинчи матчында да Украина менен 2 – 2ге барабар болгон курама команда Исландия беттешүүсүндө  жеңишке жетишүүгө аракет кылат.



Тектеш кабарлар