Исландия - Түркия беттешүүсү

Түркия 2018  ФИФА дүйнөлүк кубогунун Европа тандоолорунун 1 -  группасында 9 -  октябрь жекшемби күнү Исландия менен беттешет

585266
Исландия - Түркия беттешүүсү

 

Орусияда өтө турган финалдарга катышуу үчүн даярданып жаткан Түркия Коньяда ойнолгон Украина матчында 2 – 2ге барабар болду. 1 – группанын үчүнчү матчында Исландия менен беттеше турган А улуттук  футболдук курама командасы  атаандаштын талаасында мыкты жыйынтык чыгарууга аракет кылууда.
Исландиянын борбор шаары Рейкьявиктеги Лаугардалсвёллур стадионунда ойноло турган матч эртең кечинде Түркия убактысы боюнча 21:45те башталат.

Исландия – Түркия беттешүүсүн Англиянын футболдук федерациясынан Марк Клаттенбург башкарат. Клаттенбургдун жардамчылары Симон Петр Беннет  менен Джейк Коллин. Беттешүүнүн төртүнчү судьясы болсо Энтони Тейлор.



Тектеш кабарлар