Түркия Хорватия менен бүгүн беттешет

«İ» тайпасында Түркия, Хорватия менен катар Косово, Исландия жана Украина бар.

565499
Түркия Хорватия менен бүгүн беттешет

Түркиянын А Улуттук курама командасы, 2018-жылы өтүүчү Дүйнөлүк кубоктун тандоо оюндарынын «İ» тайпасындагы биринчи мелдешинде Хорватия менен беттешет.

Борбор шаар Загребдеги «Максимир» стадионунда Түркия убактысы боюнча саат 21.45те баштала турган жана Хорватиянын жазасынын себебинен көрүүчүсүз өтө турган мелдешти польшалык калыс Шимон Марчиняк башкарат.

Машыктыруучу Фатих Теримдин жетекчилигиндеги түрк командасы, Хорватияны атаандаштын талаасында утуп, тайпасындагы оюндарды жеңиш менен баштоону максаттап жатат.

«İ» тайпасында Түркия, Хорватия менен катар Косово, Исландия жана Украина бар.

Тайпада бүгүн ошол эле саатта Украина менен Исландия, Финляндия менен Косово ойнойт.

Хорватия менен Түркиянын ортосунда ойноло турган оюнда көрүүчү болбойт.

Март айында Израиль менен Венгриянын даярдык оюндарындагы расисттик кыйкырыктардын себебинен Хорватиянын улуттук курама командасына ФИФА эки мелдешти көрүүчүсүз өткөрүү жазасын берген болчу.

Хорватия Түркия менен катар, өз талаасында 12-ноябрда Исландия менен ойной турган оюнду да көрүүчүсүз өткөрөт.

ФИФАнын өлкөлөр тизмесинде Түркия 19чу, Хорватия болсо 15чи баскычта турат.



Тектеш кабарлар