Түрк командасы бүгүн Орусиянын командасы менен ойнойт

Футболдук беттеш саат 21.15те башталат

562226
Түрк командасы бүгүн Орусиянын командасы менен ойнойт

Түркиянын футбол боюнча А Улуттук курама командасынын ФИФАнын Дүйнөлүк кубок үчүн тайпалар арасындагы тандоо оюндары башталды.

5-сентябрь дүйшөмбү күнү тайпасындагы биринчи мелдешинде атаандаштын талаасында Хорватия менен беттеше турган улуттук курама командасы бүгүн Антальяда Орусия менен ойноп, акыркы даярдык мелдешин өткөрөт.

Анталья стадионунда саат 21.15те баштала турган беттешти словениялык калыс Дамир Скомина башкарат.



Тектеш кабарлар