Түрк командаларынын атаандаштары
УЕФА Европа Лигасында тайпалар арасындагы мелдештер 15-сентябрда башталат.
560154
УЕФА Европа Лигасындагы Түркияны өкүлдүк кылган командалар Фенербахче, Коньяспор жана Османлыспордун атаандаштары белгилүү болду.
Чучукулак тартуу боюнча Фенербахче «А» тайпасында Манчестер Юнайтед, Фейеноорд жана Зоря Луганск менен беттешет.
Ал эми Атикер Коньяспор «Н» тайпасында орун алды. Коньяспордун атаандаштары Шахтер Донецк, Брага жана Гент командалары.
Тарыхында биринчи жолу Европанын аренасына чыккан Османлыспор болсо, «L» тайпасында Вильярреал, Стяуа жана Цюрих командалары менен ойнойт.
УЕФА Европа Лигасында тайпалар арасындагы мелдештер 15-сентябрда башталат.