Түркия Рио 2016 Олимпиадасында үчүнчү медалга жетишти
Женк Илдем греко - рим күрөшүндө коло медалдын ээси болду
554000
Рио 2016 Олимпиада оюндарында күрөш боюнча Түркиянын атынан катышкан Женк Илдем коло медалга жетишти. Греко – рим күрөшүндө 98 килограммда атаандашы Алексус Сиурариусту жеңип коло медалдын ээси болгон улуттук күрөшчү Түркияга үчүнчү медалын алып берди.
Риодо Түркияга биринчи күмүш медалды штангачы Данияр Исмаилов, экинчи медалды да күрөшчү Рыза Алпкая алып берди. Улуттук спортсмен катышкан эл аралык жарыштарда болсо андан мурда жетөөсү коло, экөөсү күмүш болуу менен тогуз медалга жетишкен.