Түрк командасынын атаандашы Испания

А Улуттук кыздар командасы чейрек финалда Испания менен беттешет.

551919
Түрк командасынын атаандашы Испания

Рио-2016 Олимпиада оюндарында Түркиянын баскетбол боюнча А Улуттук кыздар командасы чейрек финалда Испания менен беттешет.

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында уланып жаткан оюндарда «А» тайпасында 3чү орунду ээлеп чейрек финалга чыккан түрк командасынын бул турдагы атаандашы «Б» тайпасында ойнолгон оюндан кийин белгиленди.

Испания Канаданы 73-60 эсебинде утуп алып «Б» тайпасында 2-орунду ээледи жана Түркиянын чейрек финалдагы атаандашы болду.

А Улуттук курама командасы менен Испаниянын ортосундагы чейрек финал оюну 16-август шейшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 20.30да ойнолот.

Тайпасындагы алгачкы эки оюнда Австралия менен Францияга жеңилген түрк командасы андан кийинки беттештерде Япония, Беларусь жана Бразилияны жеңип чейрек финалга чыккан болчу.

Рио-2016да кыздар арасындагы баскетболдо чейрек финал беттештеринин тизмеси төмөнкүчө:

Испания менен Түркия

Австралия менен Сербия

АКШ менен Япония

Франция менен Канада ойнойт.



Тектеш кабарлар