Дзюдочу Ильгиз Каналбек уулу дзюдо боюнча дүлөйлөр арасында дүйнө чемпиондугунда 2-орунду ээледи

Түркиянын Самсун шаарында дзюдо боюнча дүйнө чемпиондугу өттү

537833
Дзюдочу Ильгиз Каналбек уулу дзюдо боюнча дүлөйлөр арасында дүйнө чемпиондугунда 2-орунду ээледи

Кыргызтандык Ильгиз Каналбек уулу Самсунда (Түркия) өткөн дзюдо боюнча дүлөйлөр арасындагы дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль утуп алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова билдирди.
Анын айтымында, чемпионаттын алкагында спорттун үч түрү – дзюдо, каратэ жана таэквандо боюнча медалдар ойнотулда.

“Кыргызстандык спортчу мелдешке дзюдо боюнча 100 кг чейинки салмактык категорияда катышты. Финалдык беттеште Ильгиз Каналбек уулу Түркиялык спортчуга жеңилип, 2-орунду камсыздады”,-деди Н.Садырбекова.

Ошондой эле, ал Азамат Мавлянов дзюдо боюнча 58 кг чейинки салмактык категорияда 3-орунду ээледи деп кошумчалады.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар