Азербайжан футболчулары Ататүрк аэропортундагы кол салууда каза тапкандарды эскеришти

Беттешүүнү Нефтчи жаштар командасы 1 - 0го жеңип алды

522903
Азербайжан футболчулары Ататүрк аэропортундагы кол салууда каза тапкандарды эскеришти

Азербайжанда 2 -  лигадагы топ Шуша Карабах менен Нефтчинин жаш командалар арасында ойнолгон футбол даярдык матчында Стамбул Ататүрк аэропортундагы террордук кол салууда каза тапкандар эскерилди. Далга аренада ойнологон беттешүүдөн мурда Ататүрк аэропортундагы террордук кол салууда каза тапкандардын элесине бир минуталык эскерүү болду. Беттешүүдөн мурда "Террорго наалат" деген плакаттарды ачкан футболчулар матчка кара ленталар менен чыгышты. Беттешүүнү Нефтчи жаштар командасы 1 - 0го жеңип алды. 

 

 



Тектеш кабарлар