Москвада пляж футболу боюнча мелдештер өтөт
Мелдештерди түрк калыстары башкарат
521603
![Москвада пляж футболу боюнча мелдештер өтөт](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7c1a/961f/8638/5774f2dcd0387.jpg?time=1718775201)
ФИФАнын пляж футболу боюнча калыстары Йелиз Топалоглу менен Өзжан Султаноглу Орусиянын борбору Москвада эртең баштала турган пляж футболу боюнча Европа лигасынын мелдештеринде кызмат кылат.
Түркиянын футбол федерациясынын билдирүүсүндө, Йелиз Топалоглу менен Өзжан Султаноглунун 3-июль жекшемби күнүнө чейин созула турган турнирди башкара тургандары белгиленди.
Турнирде Орусия, Испания, Швейцария, Франция, Греция, Италия, Беларуь, Польша, Молдова, Сербия, Эстония жана Казакстандын пляж футболу боюнча командалары беттешет.