А улуттук курама команда беттешүүлөрүн жеңиш менен баштады

А улуттук эркектер волейбол командасы 27 -  июнь дүйшөмбү күнү да Египет менен беттешет

518217
А улуттук курама команда беттешүүлөрүн жеңиш менен баштады

А улуттук эркектер волейбол командасы Египетте башталган 2016  FIVB дүйнөлүк лигасында Е 2 группасынын биринчи матчында Японияны 3 - 2ге жеңди. 2016 FIVB дүйнөлүк лигасынын Е 2группасында  Түркия менен бирге Египет, Финландия жана Япония орун алды. Бүгүн Финландия менен группадагы экинчи беттешүүсүнө чыга турган А улуттук эркектер волейбол командасы 27 -  июнь дүйшөмбү күнү да Египет менен беттешет. 

А улуттук эркектер волейбол командасы  өткөн жумада Измирде ойнолгон  FIVB эркектер дүйнөлүк лигасынын А группасындагы матчтарда да Словакия, Португалия жана Голландия менен беттешип, 3 жеңиш менен 9 балл чогулткан.

 



Тектеш кабарлар