Футбол боюнча Европа чемпионаты уланып жатат

Кечээ чемпионатта эки оюн ойнолду.

511106
Футбол боюнча Европа чемпионаты уланып жатат

Францияда футбол боюнча Европа чемпионаты уланып жатат.

Кечээ чемпионатта эки оюн ойнолду.

«Ф» тайпасында Венгрия Австрияны 2-0 эсебинде жеңди.

Португалия менен Исландия болсо 1-1 эсебинде теңме тең ойноду.

Евро-2016да бүгүн «Б» тайпасында саат 16.00да Орусия менен Словакия (Лилль шаарында) беттешет.

«А» тайпасында

15-июнь шаршемби саат 19.00да Румыния менен Швеция (Парижде)

15-июнь шаршемби саат 22.00де Франция менен Албания (Марсель шаарында) ойношот.

Ал эми Орусия менен Словакия жана Франция менен Албания беттеши ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Бир тараптан Түркиянын А Улутттук курама командасы Испания матчынын даярдыктарын улантып жатат.

Түрк командасы экинчи оюнунда 17-июнь жума күнү Түркия убактысы боюнча саат 22.00де Ницца шаарындагы «Альянц Ривьера» стадионунда Испания менен беттешет.  Футболдук мелдеш ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар