Франция турнирди жеңиш менен баштады

Франция Румынияны 2 – 1ге жеңди

508745
Франция турнирди жеңиш менен баштады

15 -Европа футболдук чемпиондугунун ачылыш матчында А группасында үй ээси Франция Румынияны 2 – 1ге жеңди. Беттешүүнүн биринчи жарымы голсуз аяктады. 57 -минутада үй ээси Франция Гироддун киргизген голу менен 1 – 0 алдыга чыкты. 65 -минутада Румыния Станжунун пеналтыдан киргизген голу менен 1 – 1ге барабар болду.

89 – минутада Пайет киргизген голь менен Францияны 2 – 1ге алдыга чыгарды. Ушундайча Франция турнирди жеңиш менен баштады.



Тектеш кабарлар