Түркиянын курама футбол командасы Словения менен ойнойт

Оюн Түркия убактысы боюнча саат 21:15те башталат.

504469
Түркиянын курама футбол командасы Словения менен ойнойт

Европа чемпиондугуна даярдык беттешүүлөрүнүн акыркысы бүгүн кечинде Түркия менен Словениянын ортосунда ойнолот.

Словениянын борбор калаасы Люблянадагы Стозиже стадионундагы мелдеш Түркия убактысы боюнча саат 21:15те башталат.

Тайпадагы тандоолорунда акыркы оюнда Исландияны 1-0 эсебинде утуп финалдарга аты жазылган Түркиянын улуттук курма командасы, андан кийинки 6 жолку атайын беттешүүлөрүнүн бирөөнөн гана утулду.

Түркиянын курама командасы алгачкы оюнунда Катарды атаандаш талаасында 2-1 эсебинде утту. Экинчи оюнунда Стамбулда Греция менен тең чыкты, бирок атаандаш команданын оюнчусун эрежесиз ойноткону үчүн ФИФА мелдештеринин жыйынтыгы Түркиянын пайдасына чечилип 3-0 деп белгиленди.

Андан кийин Европа чемпиондугунун алдында кеңири оюнчу тобу менен кайра чогулган курама команда Антальяда Швецияны жана атаандаш талаасында Австрияны 2-1 эсебинде утту.

Андан соң Англия менен Манчестерде беттешкен курама команда калыстын жаңылыш чечими менен 2-1 утулуп, бул мезгилеги даярдык оюндарынан биринчи жолу жеңилип чыкты.

«А» улуттук курама команда эң акыркы беттешүүсүндө Карадагды Антальяда 1-0 эсебинде утуп алды.



Тектеш кабарлар