Тхэквондо боюнча чемпионатта Түркияны 25 спортчу өкүлдүк кылууда

Швейцариянын Монтрё шаарындагы чемпионатка 45 өлкөдөн 400 спортчу катышып жатат

494644
Тхэквондо боюнча чемпионатта Түркияны 25 спортчу өкүлдүк кылууда

Швейцариянын Монтрё шаарында уланып жаткан тхэквондо боюнча Европа чемпионатында бүгүн түркиялык 7 спортчу күч сынашат.

Турнирде күн бою улана турган мелдештерде кыздар арасында 53 килограммда Зелиха Агрыс жана Сезен Шевик, 57 килограммда Дүрдане Алтунел жана Хатиже Күбра Илгин ал эми эркектер арасында 63 килограммда Орхан Гази Гүлер, 68 килограммда Сервет Тазегүл жана Беркай Акйол медаль үчүн мелдешет.

45 өлкөдөн 400 спортчу катышып жаткан чемпионатта Түркия 14ү кыз жана 11и эркек жалпы 25 спортчу менен өкүлдүк кылынууда. Чемпиондук 22-май жекшемби күнү аяктайт.



Тектеш кабарлар