Сууда сүзүү боюнча чемпионат өтүп жатат

Мелдештер ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

494465
Сууда сүзүү боюнча чемпионат өтүп жатат

Лондондогу Каныша Элизабет олимпиадалык паркындагы суу спорттору борборунда уланып жаткан сууда сүзүү боюнча Европа чемпионатында бүгүн кечинде Түркиянын өкүлү Виктория Зейнеп Гүнеш 200 метрге брасс ыкмасында сүзүү финалында мелдешет.

Түркия убактысы боюнча саат 20.00де баштала турган мелдештерде айрыкча эркектер арасында 800 метр жана 100 метрге эркин сүзүү, айымдар арасында 100 метрге баттерфляй ыкмасында сүзүү жана 4x100 аралаш эркин стилде сүзүү боюнча финалдар болот.

Мелдештер ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар