Күрөш боюнча тандоо мелдештери
Күрөш: Олимпиадалык тандоо мелдештери бүгүн Монголияда башталат
475918
![Күрөш боюнча тандоо мелдештери](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/232e/c967/98cd/56e16dbe58ed3.jpg?time=1718856923)
Күрөш боюнча 2016 Рио Олимпиадасынын тандоо мелдештери бүгүн Монголияда башталат.
Борбор шаар Улан-Батордо өткөрүлө турган мелдештерге Түркия грек-рим стилинде 5, айымдар арасында жана эркин стилде да 3төн күрөшчү менен катышат.
Мелдештерде биринчи үч орунга ээ боло турган спортчулар, 2016 Рио Олимпиадалык оюндарга катышууга жолдомо алат.
24-апрель жекшемби күнү аяктай турган тандоо оюндарына катыша турган түрк улуттук спортчуларынын тизмеси төмөнкүчө:
Эркектер арасында эркин стиль:
57 кг: Сезар Акгүл
65 кг: Якуп Гөр
74 кг: Сонер Демирташ
Айымдар арасында:
48 кг: Эвин Демирхан
53 кг: Бедиха Гүн
63 кг: Хафизе Шахин
Грек-рим стили:
59 кг: Эрхан Каракуш
66 кг: Атакан Йүксел
75 кг: Селчук Чеби
85 кг: Шабан Караташ
98 кг: Сулейман Демиржи