Штанга боюнча мелдештер уланууда

Мелдештер ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

471437
Штанга боюнча мелдештер уланууда

Штанга боюнча Европа чемпионаты башталгандан бери жалпы 12 медалга ээ болгон түрк улуттук курама командасы бүгүн мелдештерин улантат. Норвегиянын Форде шаарында өтүп жаткан Европа чемпионатынын алтынчы күнүндө б.а бүгүн айымдар арасында 75 килограммда Рабиа Кая жана эркектер арасында 94 килограммада Ибрахим Арат күч сынашат. Мелдештер Түркия убактысы боюнча саат 21.00ден тарта ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Эске сала кетсек чемпионатта ушул күнгө чейин штангисттерден Данияр Исмаилов 3 алтын, Сибел Өзкан Конак 2 алтын жана 1 күмүш, Хуршит Атак 2 алтын, Эрол Билгин 1 алтын, Сема Ажартүрк 1 күмүш медалга ээ болгон.



Тектеш кабарлар