Анкарада кыргыз жаштары футбол мелдешин өткөрүүдө (видео)

Бул достук лигасында жалпысынан 8 команда ойнойт.

469084
Анкарада кыргыз жаштары футбол мелдешин өткөрүүдө (видео)

«Спорт биримдиктин, достуктун булагы» деген ураандын астында Түркиянын борбору Анкара шаарында окуп, эмгектенген Кыргызстандын демилгелүү жаштары тарабынан футбол боюнча турнир уюштурулуп, ар жуманын ишемби, жекшемби күндөрү Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин футболдук аянтында ойноп келишет. Бул турнир алыста жүргөн мекендештерибизди бириктирип, ынтымакка, достука чакыруу болуп саналат. Ошондуктан турнирди дагы жакшы үмүттөр менен «Достук лигасы» деп аташкан. Бир гана максатты көздөбөстөн кыргыз жаштарын спортту сүйүүгө, сергек жашоого үндөп аны менен бирге сагынычтарын аз да болсо жазып алуу максатында чогулуп баарлашып, айрым маселелерди бирге чечүүгө да мүмкүнчүлүк алышат. Бул достук лигасында жалпысынан 8 команда ойноп алардын курамында 10дон 12ге чейин оюнчулар бар. Оюнчулар Туркияда окуган студенттерден тышкары, ошол жакта жашап эмгектенген улуу агаларыбыз да бар экендигин айтышты. Достук лигасынын оюндары 23-апрелде жыйынтыкталып жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат. Ынтымакка, достукка багытталган жакшы саамалыктын сапары байсалдуу болсун!

ТРТнын «Түркия үнү» радиосу үчүн,

КТРКнын «Кыргыз радиосунун» алып баруучусу Чынгыз Рыскелдиев



Тектеш кабарлар