Дзюдо боюнча Гран-при 2016 бүгүн башталат
Мелдештер ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.
462666
Дүйнөлүк Дзюдо Федерациясынын календарында орун алган жана Олимпиада-2016нын алдында балл топтоо жагынан өтө маанилүү болгон Дзюдо боюнча Гран-при 2016 бүгүн Самсунда башталууда. «Теккекөй Яшар Догу» спорт залында өтө турган мелдештер 3 күн бою уланат. Түркиянын дзюдо боюнча улуттук курама командасы 53 спортчу менен катыша турган Гран-при 2016да 72 өлкөдөн жалпы 453 спортчу ат салышат. Гран-принин биринчи күнүндө айымдар арасында 48,52,57 жана эркектер арасында 60,66 килограмм мелдештери өтөт. Таймаштардын ачылышы Түркия убактысы боюнча саат 16:30да, финал мелдештери жана медаль тапшыруу аземи болсо Түркия убактысы боюнча саат 17.00де башталат.
Мелдештер финал таймаштарынан тарта ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.