Реал Мадрид менен Рома беттешет
УЕФА чемпиондор лигасындагы чоң таймаш ТРТдан түз көрсөтүлөт.
446089
![Реал Мадрид менен Рома беттешет](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9f5c/e3ab/c114/56dd5b35d5ef0.jpg?time=1718835419)
Испаниянын Реал Мадрид командасы менен Италиянын өкүлү Романын ортосунда ойноло турган реванш оюну ТРТдан түз эфирде көрсөтүлөт.
Реал Мадрид менен Рома, бул жолу Мадриддеги «Сантьяго Бернабеу» стадионунда беттешет. 8-март шейшемби күнү өтө турган чоң мелдеш Түркия убактысы боюнча саат 21.45тен тарта ТРТ-1 каналынан түз көрсөтүлөт.
Римде ойнолгон биринчи оюнда Роналду жана Хосенин голдору менен Реал Мадрид 2-0 эсебинде жеңип алган.