Галатасарай Италиянын Лацио командасы менен беттешет
Мелдеш саат 22:05те башталат.
435177
Түркиянын Галатасарай командасы УЕФА Европа лигасынын акыркы 32-тур оюндарында Италиянын Лацио командасын тосуп алат.
Стамбулдагы Түрк телеком Аренада бүгүн саат 22:05те баштала турган мелдешти Англиянын футбол федерациясынан Майкл Оливер башкарат.
Лигада удаама-удаа жеңилүүгө учураган Галатасарай, Лациону жеңип реванш оюндары үчүн мүмкүнчүлүк жаратууга аракет кылат.
Футбол сүйүүчүлөр бул маанилүү мелдешти ТРТ Радио-1ден түз ободо уга алышат, айрыкча ушул таймаштын 25-февраль бейшемби күнү атаандаштын талаасында ойноло турган реванш оюну болсо ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.