Орус футболчунун провакациясы

Орус футболчу Дмитрий Тарасовдун матчтан кийинки провакациясы

434559
Орус футболчунун провакациясы

Фенербахченин 2 – 0 үстөмдүгү менен аяктаган Локомотив Москва матчы бүткөндө формасын чечкен Локомотив Москва командасынын оюнчусу Дмитрий Тарасов Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүрөтү түшүрүлгөн футболка менен кийим которуучу бөлмөгө кирди. Орус футболчунун бул кыймылына Фенербахче күйөрмандары каршылык көрсөттү.

Тарасовдун ниети Түркия менен Орусиянын ортосунда болуп жаткан саясий араздашууну аянтка чагылдырып күйөрмандарды кыжырдантуу болгон, бирок Фенербахче жеңиш менен чыгып каалаганын аткара албады. Эки өлкөнүн ортосундагы саясий араздашуунун Фенербахче – Локомотив Москва матчына чагылдырылбашы үчүн эки команда тең матчтан мурда абдан чоң аракет кылды.

Эки команданын башкаруучулары менен тренерлери беттешүүдөн мурда : «Биз саясат эмес спорт менен алектенебиз»,- деген белги беришти.

Орус футболчунун матчтан кийинки бул кылганы жеке кыймыл катары ойлонулса да УЕФАнын кандай мамиле кылары кызыгуу жаратууда.



Тектеш кабарлар