Кыргызстандын курама командасы жаңы рекорд койду

Кыргызстандын курама командасы 3 ай катары менен ФИФАнын рейтингинде жаңы рекорд койду

427877
Кыргызстандын курама командасы жаңы рекорд койду

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы FIFAнын жаңыртылган рейтинги боюнча жаңы рекорд коюп, 2 пунктка көтөрүлүп, 105-орунду ээледи. Бул тууралуу КРдин футбол боюнча федерациясынан билдирди.
Александр Крестининдин жетекчилигиндеги курама команда 3 ай катары менен Бүткүл дүйнөлүк футбол Ассоциациясынын (ФИФА) рейтингинде жаңы рекорд койду. Декабрдагы рейтингде 2006-жылдагы рекорддун (119-орун) жаңылап, 108-позицияны ээлеген. Ал эми январдагы рейтингде дагы 1 пункт кошуп, 107-орунга чыккан болуучу.
2015-жылдын 3-декабрынан 2016-жылдын 4–февралына чейин Кыргызстандын курамасы расмий матчтарды өткөргөн жок. Рейтингинин жогорулашы Ливия менен Никарагуанын курама командаларынын өз позицияларын сактай албагандыгынан улам болду.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар