Клубдар арасындагы дүйнөлүк чемпионат уланууда
Мелдештер ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлүүдө.
412336
Японияда уланып жаткан ФИФА клубдар арасы Дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалдары бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 12.30да ойнолот жана ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.
Материктердин Чемпиондор лигасынын чемпиондорун беттештирген ФИФА клубдар арасы Дүйнөлүк чемпионатында кечээ ойнолгон оюнда Түштүк Американын өкүлү Вразилиянын Ривер Плейт командасы Япониянын Хиросима командасын 1-0 эсебинде жеңип финалист болду.
Өткөн сезондо Реал Мадрид чемпион болгон кубоктун үчүнчүлүк жана финал мелдештери 20-декабрда Япониянын Хиросима шаарында өткөрүлөт жана ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.