Бешикташ бүгүн Спортинг Лиссабон менен беттешет

Футболдук мелдеш ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

405310
Бешикташ бүгүн Спортинг Лиссабон менен беттешет


УЕФА Европа Лигасынын «Н» тайпасында 9 балл менен биринчи орунду ээлеген Бешикташ, бүгүн кечинде Португалиянын Спортинг Лиссабон командасы менен беттешет.
Түркиянын Бешикташ командасы акыркы мелдеште атаандашын жеңип же теңме-тең ойносо экинчи турга чыгат. Ал эми атаандаштын талаасында Спортинг Лиссабонго утулуп калса Скендербеу- Локомотив Москва мелдешинин жыйынтыгы 2-турга чыга турчу команданы белгилейт.
Түркия убактысы боюнча саат 22.05те Лиссабондогу «Жозе Алваладе» стадионунда ойноло турган жана Германиянын Футбол Федерациясынан Мануэль Графе башкара турган оюн ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар