Бешикташ командасы Локомотив Москва менен беттешет

Футболдук таймаш ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

411167
Бешикташ командасы Локомотив Москва менен беттешет

УЕФА Европа Лигасынын «Н» тайпасында ойноп жаткан Түркиянын Бешикташ командасы, тайпасындагы төртүнчү мелдешинде бүгүн кечинде Орусиянын Локомотив Москва командасы менен беттешет.
«Ататүрк» Олимпиада стадионунда Түркия убактысы боюнча саат 19.00да баштала турган таймашты Германиянын футбол федерациясынан Цвайер Феликс башкарат. Цвайердин жардамчылары Рафаэль Фолтин менен Хольгер Хеншель, ал эми мелдештин төртүнчү калысы Майк Пикель болот.
Футболдук таймаш ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар