Кыргыз футболчусу Түркия клубунда ойнойт
Оюнчуга 1 айдан кийин атайын лицензия ачылат.
362917
Кыргызстандын футбол боюнча Өспүрүмдөр курамасынын өкүлү Сыргаболот Орозбек уулу Түркиянын "Гүрпинар" футболдук клубунун академиясына кабыл алынды. Чабуулчу катары ойноп келген кыргыз футболчусу 31-октябрда Түркияга келди.
Сыргаболот буга чейин аталган түркиялык клубдун кароосунда болгон. Андан соң клуб өкүлдөрү атайын чакыруу жиберишкен. Оюнчуга 1 айдан кийин атайын лицензия ачылат.
Сыргаболот 15 жашта. Ал 2013-жылга чейин "Токтогул" футболдук клубунда, акыркы 2 жылда "Абдыш-Ата" клубунда ойноп келе жаткан. Быйыл эле өспүрүмдөр курамасына чакырылып, Бишкекте өткөн өспүрүмдөрдүн Азия чемпиондугунун тандоо турунда ойногон.