Галатасарай Одеабанк бүгүн орус командасы менен беттешет

Мелдеш ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

410094
Галатасарай Одеабанк бүгүн орус командасы менен беттешет

Баскетбол боюнча Еврокубокто мелдешип жаткан Түркиянын Галатасарай Одеабанк командасы атаандаштын талаасында Орусиянын Красный Волгоград командасы менен беттешет. «F» тайпасындагы мелдеш бүгүн кечинде Түркия убактысы боюнча саат 19:00да башталат жана ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.
Орус командасы ушул учурга чейин еврокубокто 1 жолу жеңип 2 жолу жеңилсе, түрк командасы тайпасында эч жеңилбестен лидер болуп келе жатат.
Волгограддагы «Крылатское» спорт залында өтө турган мелдешти Грециядан Спирос Гконтас, Латвиядан Ингус Бауманис жана Хорватиядан Томислав Вовк калыстары башкарат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар