Галатасарай Бенфика менен беттешет

Галатасарайдын Лиссабонго сапары

361480
Галатасарай Бенфика менен беттешет


Түркиянын Галатасарай командасы, УЕФА чемпиондор лигасынын «С» тайпасындагы 4-мелдешинде 3-ноябрь шейшемби күнү атаандаштын талаасында Португалиянын Бенфика командасы менен өткөрө турган таймаш үчүн эртең Лиссабонго барат.
Даярдыктарын Стамбулда уланткан Галатасарай эртең «Ататүрк» аэропортунан атайын учак менен Португалиянын борбору Лиссабонго жөнөп кетмекчи.
3-ноябрь шейшемби күнү Бенфика стадонунда өтө турган футболдук мелдеш Түркия убактысы боюнча саат 22.45те башталат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар