Хамиде Курт күмүш медаль менен кайтты

Куртту Ататүрк аэропортунда Багжылар муниципалитетинин төрагасы Локман Чагырыжы жана үй – бүлөсү гүлдөр менен тосуп алды

360574
Хамиде Курт күмүш медаль менен кайтты

Багжылар муниципалитетинин майыптар атлетизм командасынын улуттук спортсмени Хамиде Курт Катарда өткөрүлгөн Майыптар атлетизм дүйнөлүк чемпиондугунан өлкөгө кайтып келди.
Чемпиондукта 100 метрде күмүш медалга жетишкен Куртту Ататүрк аэропортунда Багжылар муниципалитетинин төрагасы Локман Чагырыжы жана үй – бүлөсү гүлдөр менен тосуп алды.
Чагырыжы Хамиде Курттун ийгиликтүү спорттук карьерине жаңысын кошконун белгилеп : «Хамиде кызыбызды жеке өзүмүн атыман жана жердештерибиздин атынан куттуктаймын. Ар бир жарышта өлкөбүздүн атынан эң жакшы жарышты»,- деди.
Улуттук спортсмен Хамиде Курт болсо : «Экинчи орунду алдым жана Европа рекордуна жетиштим. 8 атаандашым бар эле. Түркиянын атынан абдан жакшы катыштым. Багжылар муниципалитетинин төрагасына рахматымды билдирем»,- деди.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар