Фенербахче менен Аякс беттешет
Футболдук таймаш ТРТдан түз эфирде көрсөтүлөт.
396524
УЕФА Европа лигасындагы Түркиянын өкүлү Фенербахче, «А» тайпасындагы үчүнчү мелдешинде бүгүн кечинде Нидерландиянын Аякс командасы менен беттешет.
Фенербахче Шүкрү Сарачоглу стадионунда Түркия убактысы боюнча саат 22.05те баштала турган мелдешти Испаниянын футбол федерациясынан Дэвид Фернандес Борбалан башкарат.
Футболдук таймаш ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.