Арсенал командасы Бавария менен беттешет

Футболдук мелдеш ТРТдан түз эфирде көрсөтүлөт.

394880
Арсенал командасы Бавария менен беттешет

УЕФА чемпиондор лигасынын «F» тайпасында Англиянын Арсенал командасы бүгүн кечинде Германиянын Бавария Мюнхен командасын тосуп алат. 
Бул сезондогу чемпиондор лигасында эки таймашта тең балл чогулта албаган англиялык команда тайпасында эң акыркы орунду ээлесе, Бавария Мюнхен 6 баал менен биринчи болду. Англиянын борбору Лондондогу «Emirates» стадионунда Түркия убактысы боюнча саат 21:45те баштала турган мелдешти ФИФАлык калыс Жүнейт Чакыр башкарат. Чакырдын жардамчы калыстары Бахаттин Дуран менен Тарык Онгун болот. Таймаштын төртүнчү калысы Жем Сатман, кошумча калыстары болсо Хүсейин Гөчек менен Барыш Шимшек болмокчу.
Футболдук таймаш ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар