Галатасарай бүгүн Астана менен беттешет

Футболдук таймаш саат 19.00да башталат.

348077
Галатасарай бүгүн Астана менен беттешет

Түркиянын "Галатасарай" командасы Чемпиондор лигасынын «С» тайпасындагы экинчи мелдешинде бүгүн Казакстандын "Астана" командасына конок болот.
Саат 19.00да баштала турган мелдешти, Швециянын футбол федерациясынан Мартин Стромбергссон башкарат.
Футболдук таймаш Tivibu каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Галатасарай командасы, УЕФА чемпиондор лигасында Бенфика, Атлетико Мадрид жана Астана менен «С» тайпасында орун алууда.
Чемпиондор лигасындагы биринчи мелдеште Испаниянын Атлетико Мадрид командасына 2-0 эсебинде утулуп калган Галатасарай, бүгүн атаандаштын талаасында Астананы жеңип 3 балл менен кайтууну максаттоодо.
Ал эми Астана тайпасындагы биринчи мелдеште Португалиянын Бенфика командасына 2-0 эсебинде утулуп калган болчу.
Тайпадагы берки таймашта болсо Атлетико Мадрид менен Бенфика бүгүн Мадриддеги "Висенте Кальдерон" стадионунда ойнойт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар