Түрк командасы бүгүн Исландия менен ойнойт

Улуттук команда Исландия менен тарыхында төртүнчү жолу беттешет.

377450
Түрк командасы бүгүн Исландия менен ойнойт

Түркиянын баскетбол боюнча А улуттук курама командасы, 2015 Европа чемпионатынын «Б» тайпасындагы акыркы оюнун бүгүн кечинде Исландия менен ойнойт.
Түрк командасы менен Исландиянын ортосунда Берлинде өтө турган мелдеш, Түркия убактысы боюнча саат 22.00де башталат.
Улуттук команда Исландия менен тарыхында төртүнчү жолу беттешет.
Түркия атаандашы менен ойногон 3 мелдештин экөөнү жеңди, бирөөндө жеңилди.
Исландия менен алгач Австриядагы ФИБА турниринде 1985-жылдын 2-июнунда беттешкен түрк командасы, биринчи мелдешти 58-49 эсебинде утуп алган.
Түркия атаандашы менен ушул учурга чейинки жалгыз расмий оюнун 1986-жылы Европа чемпиондугунун тандоо мелдештеринде ойногон. Бельгияда 1986-жылдын 18-майында ойнолгон оюнда Исландия 63-58 эсебинде жеңген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар