Нидерландия менен орчундуу оюн

Бул оюн финалдарга жолдомо алыш үчүн Түркия үчүн абдан маанилүү.

375155
Нидерландия менен орчундуу оюн

А улуттук курама футбол командасы Европа чемпиондугу-2016 мелдештеринин тандоолорундагы «А» тайпасындагы 8-оюнунда Конья шаарында Нидерландия менен беттешет.
Оюн пайпасындагы үчүнчүлүк, жана ошондуктан финалдарга жолдомо алыш үчүн чоң мааниге ээ.
Нидерландия тайпанын лидери Исландияга жеңилген түнү Түркия да Латвия менен 1-1 тең болуп калган. Ошондуктан Түркия акыркы 2 оюндан мурда үчүнчү орундагы атаандашынан алдыга чыгууну максаттап жатат.
Европа чемпиондугу-2016 мелдештеринин тандоолорундагы «А» тайпасындагы 8-оюнунун алдында Түркия 9 балл менен төртүнчү, Нидерландия болсо 10 балл менен үчүнчү орунда турат.
Францияда уюштурула турган финалдарга тайпаларында алдыңкы 2 орунга илинген командалар түздөн-түз катышат. Тайпа оюндарынын жыйынтыгында эң мыкты үчүнчү болгон команда да ошондой эле турнирде түздөн-түз орун алат, калган үчүнчүлөр болсо плей-офф оюндарын ойношот.
Түркия-Нидерландия беттешүүсү Конья Бүйүкшехир Торку Аренада саат 19:00да башталат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар