Испаниянын «эң кымбат» трансфери Арда Туран

Испания Ла Лигада бул жылы трансфер сезонунун эң кымбат трансфери улуттук футболчу Арад Туран болду

374088
Испаниянын «эң кымбат»  трансфери Арда Туран

Дүйнөнүн эң кымбат лигаларынын бири болгон Испания Ла Лигада бул жылы трансфер сезонунун эң кымбат трансфери улуттук футболчу Арад Туран болду.
Бонустар менен бирге наркы 41 миллион евролук бюджетке ээ болгон Арда Туран Атлетико Мадридден Барселонага өтүү менен дүйнө басма сөзүнүн абдан чоң кызыгуусун тарткан.
2015 – 2016 - жылдагы трансфер сезонунда жалпы 565 миллион евролук трансферге кол койгон Испания Ла Лигада Валенсия 142 миллион евролук трансфер менен эң көп каржаган клуб болду. Лиганын жылдыз командасы болгон Реал Мадрид бул жылы 89 миллион евролук, Барселона болсо 58 миллион евролук трансферди ишке ашырды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар