Түрк командасы бүгүн жарым финалда Япония менен таймашат

Мелдеш ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

332420
Түрк командасы бүгүн жарым финалда Япония менен таймашат

Түркиянын жетекчилигинде Анкарада өтүп жаткан 23 жашка чейинки спортчулардын арасында волейбол боюнча чемпионатта тайпасында лидер катары жарым финалга чыккан Түркиянын айымдардан турган курама командасы бүгүн жарым финалда Түркия убактысы боюнча саат 18.30да Анкара Башкент волейбол залында Япония менен таймашат. Жарым финал мелдештеринин берки оюну болсо саат 16.00да Доминик Республикасы менен Бразилиянын ортосунда болот. Эки мелдеш тең ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.
19-август шаршемби күнү өткөрүлө турган финал, үчүнчүлүк, бешинчилик жана жетинчилик таймаштарынын программасы болсо төмөнкүчө:
Жетинчилик мелдеши-11.00де, бешинчилик таймашы 13.30да, үчүнчүлүк мелдеши 16.00да, финал 18.30да болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар