Баскетболдо Түркия жаштары үчүнчүлүктү алышты
Үмүт (жаштар) улуттук курама командасы Европа үчүнчүлүгүн алды.
Баскетбол боюнча жаштар арасында Европа чемпиондугунда таймашкан Үмүт улуттук баскетбол командасы Францияны 84-74 эсебинде жеңип алып 3-орунду ээледи.
Италияда уюштурулган турнирдин үчүнчүлүк үчүн беттешүүсүндө акыркы чемпион Түркия, Франция менен беттешти.
Оюндун башында басымдуулугун көрсөткөн Түркия, биринчи чейректи 20-15 упай эсебинде бүтүрдү. Экинчи чейректе да үстөмдүгүн уланткан ай жылдыздуу команда 46-27 упай эсебинде тыныгууга өттү. Франция 3-чейректеги таасирдүү коргонуусу менен акыркы 10 мүнөттө айырманы 12 упайга (60-48) түшүрсө да, Франциянын айырманы азайтуусуна уруксат бербеген жаштар курама командасы атаандашын 84-74 эсебинде жеңип алып коло медалдын ээси болду.
Беттешүүдө Картал Өзмызрак 13 упай чогултса, Берк Угурлу 11 упай чогултуп жеңиште маанилүү роль ойношту.