Пляж футболу боюнча мелдештер уланып жатат

Бүгүнкү мелдештер ТРТ Спорт каналынан түз көрсөтүлөт.

380285
Пляж футболу боюнча мелдештер уланып жатат

Португалиянын Эспиньо шаарында 9-июлдан бери уланып келе жаткан ФИФА-2015 пляж футболу боюнча дүйнөлүк кубокто бүгүн кечинде Түркия убактысы боюнча саат 16.25те Орусия менен Таити, ал эми саат 19.25те Бразилия менен Испания ойнойт. Мелдештер ТРТ Спорт каналынан түз көрсөтүлөт.
Эл аралык Футбол Федерациялары Биримдиги ФИФА тарабынан 2005-жылдан бери эки жылда бир уюштурулуп келе жаткан пляж футболу боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финал таймашы 19-июлда Эспиньо стадионунда өткөрүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар