Арда Туран 5 жылдык келишимге кол койду

Барселона Түркиянын улуттук футболчусу Арда Туранды өз командасына кошту.

378330
Арда Туран 5 жылдык келишимге кол койду


Түркиянын улуттук футболчусу Арда Туран Испаниянын атактуу клубу Барселона менен 5 жылдык келишимге кол койду.
Кол коюу аземи Nou Camp стадионундагы клубдун имаратында өткөрүлдү.
Арда Туран кол коюу аземинен кийин менеджери Ахмет Булут жана достору менен Барселона желегинин алдында сүрөткө түштү.
Барселона түркиялык футболчу үчүн Атлетико Мадридге 34 миллион евролук которуу акысын төлөйт. Келишимде орун алган беренелер орундатылган учурда төлөнө турган каражат 41 миллион еврого жогорулайт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар