Түркия 9 баскыч жогорулады

ФИФАнын тизмесинде Түркия 48-орунду ээледи.

339468
Түркия 9 баскыч жогорулады

Эл аралык Футбол Федерациялары Биримдигинин (ФИФА) дүйнөлүк тизмелөөсүндө Түркия 9 баскыч жогорулап 48-орунду ээледи.
ФИФАнын интернет барагында жарыяланган июль айынын дүйнөлүк тизмелөөсүнө караганда Түштүк Американын Футбол Федерациясы тарабынан өткөрүлгөн 2015 Копа Америка турниринин финалында Чилиге утулган Аргентина, акыркы Дүйнөлүк кубоктун чемпиону Германиядан ашып өтүп, 1473 балл менен биринчиликти алды.
Германия 1411 балл менен экинчиликти алган тизмеде, Бельгия 3-орунду ээледи. 12 баскыч жогорулаган Уэльс 1155 балл менен 10-орунга ээ болуп, өлкө тарыхынын эң жакшы деңгээлине жетишти. 8-орунду алган Румыния менен 9-орунга жогорулаган Англия алдыңкы 10 орунга атын жаздырган башка өлкөлөр болду.
2016-жылы өтүүчү Европа футбол чемпионатынын тандоо оюндарында «А» тайпасында таймашкан жана мурдагы айда 57-орунду ээлеген Түркия болсо 9 баскыч жогорулап, 627 балл менен 48-орунга ээ болду.
Түрк командасынын тайпасында орун алган атаандаштарынан Нидерландия бир баскыч жогорулап 1378 балл менен 5чи, Чех Республикасы 20чы, 14 баскыч жогорулаган Исландия 23чү, Латвия 87чи жана Казакстан 142чи орунду ээледи.
Тизмелөөдө алдыңкы 10 орунга кирген өлкөлөр төмөнкүлөр:
1-Аргентина
2-Германия
3-Бельгия
4-Колумбия
5-Нидерландия
6-Бразилия
7-Португалия
8-Румыния
9-Англия
10-Уэльс


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар