Түркиянын теннис боюнча курама командасы Белоруссияны тосуп алат

Теннис боюнча мелдештер өтөт.

337646
Түркиянын теннис боюнча курама командасы Белоруссияны тосуп алат

17-19-июль күндөрүнүн аралыгында Гаранти Коза Аренада Белоруссияны тосуп ала турган Түркиянын теннис боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары белгилүү болду.
Европа/Африка 2-тайпада орун алган жана Мерсинде ойнолгон биринчи тур мелдештерде Түштүк Африканы 3-2 эсебинде жеңген түрк командасында Марсел Илхан, Жем Илкер, Барыш Эргүден жана Аныл Йүксел таймашат.
Түрк командасынын капитаны Халук Аккоюн болот. Ал эми Белоруссиянын командасын 249 номердүү Дмитрий Жирмонт жетектейт. Командада айрыкча мыкты оюнчулар Егор Герасимов, Сергей Бетов жана Шило Ярослав да орун алууда.
Түркия Гаранти Коза Аренада Белоруссияны жеңип алган учурда Португалия-Финляндия мелдешинин жеңүүчүсү менен финалда ат салышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар