Канадада АКШ менен Япония беттешет

Оюн ТРТ-спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

333233
Канадада АКШ менен Япония беттешет

Канадада 6-июндан бери уланып келген FIFA-2015 аялдар арасында Дүйнөлүк кубок бүгүн түнү Түркия убактысы боюнча саат 2:00де боло турган АКШ-Япония беттешүүсү менен соңуна чыгат. Оюн ТРТ-спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.
Кубокто кечээ болгон үчүнчүлүк беттешүүсүндө Германияны 1-0 эсебинде уткан Англия коло медалдын ээси болду. Бүгүн түнү Ванкуверде боло турган акыркы оюндун жеңүүчүсү АКШ болсо, 1991-жылдан бери уюштурулган турнирлерде 3-чемпиондуктарына жетишип тарыхынын эң ийгиликтүү командасы болот, ал эми Япония жеңип алса АКШ жана Германия менен катар эки жолудан алтын медалга ээ болгон командалар клубуна Япониянын улуттук курама командасы да кирген болот.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар