Түркиянын командасы Орусияны жеңди
Түркиянын волейбол боюнча курама командасы жарым финалга чыкты.
315801
Азербайжандын борбору Бакуда уланып жаткан 1-Европа оюндарында бүгүн ойнолгон айымдар арасында волейбол боюнча чейрек финалда Түркия менен Орусия таймашты.
Түрк командасы 2 саат 3 мүнөткө созулган мелдештин аягында атаандашын 3-1 эсебинде жеңип, атын жарым финалга жаздырды.
Улуттук команда жарым финалда 25-июнь бейшемби күнү Азербайжан-Нидерландия мелдешинин жеңүүчүсү менен финалда ойнош үчүн аракет кылат.