Түркиянын волейбол боюнча командасы жарым финалда

Түрк командасы жарым финал оюнун эртең ойнойт.

296454
Түркиянын волейбол боюнча командасы жарым финалда

Түркиянын айымдардан турган волейбол боюнча А Улуттук курума командасы Монтрё Мастерс турниринде Италияны 3-0 эсебинде утуп алып жарым финалга чыкты.
Швейцариянын Монтрё шаарында өткөрүлгөн турнирде «Б» тайпасында таймашкан улуттук команда, тайпадагы үчүнчү жана акыркы мелдешинде Иралия менен ойноду.
Турнирди Японияга 3-0 эсебинде утулуп баштаган жана андан кийин Германияны 3-1 эсебинде жеңген Түркия, кечээ да Италиянын командасын 3-0 эсебинде уттуп алды.
Тайпасында 2 жеңиш 1 жеңилүү менен аяктаган түрк командасы жарым финалга чыкты.
Тайпанын акыркы мелдешинде бүгүн кечинде саат 19:30да Италия менен Япония таймашат.
Түрк командасы жарым финал оюнун эртең ойнойт.
«А» тайпасында Кытай, Доминик Республикасы, Нидерландия жана Орусия орун алган турнирде тайпаларында биринчи эки орунду ээлеген командалар жарым финалда кайчылаш таймашышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар