Түрк штангисттеринин ийгилиги

Штанга боюнча Европа чемпионатында үч алтын медаль...

234484
Түрк штангисттеринин ийгилиги


Грузиянын борбору Тбилисидеги Спорт сарайында өткөрүлгөн штанга боюнча Европа чемпионатынын экинчи күнүндө эркектер арасында 69 килограмм салмак категориясындагы мелдештерде Түркияны Данияр Исмаилов өкүлдүк кылды.
Жулкуп көтөрүүдө кезеги менен 147,152 жана 156 килограмм салмактарда ийгиликтүү болгон Исмаилов биринчи алтын медалын алды.
Силкип көтөрүүдө да атаандаштарын жеңген Исмаилов, кезеги менен 170, 175 жана 181 килограмма салмакты көтөрүп экинчи алтын медалын алды.
Улуттук штангист Исмаилов жалпы эсепте болсо 337 килограммга жетип үчүнчү алтын медалына ээ болду.
Кыз-келиндер арасында 53 килограмм салмак категориясындагы мелдештерде болсо Түркияны Айшегүл Чобан Башол өкүлдүк кылды.
Силкип көтөрүүдө кезеги менен 105, 107 жана 109 килограмм салмакты көтөргөн Башол үчүнчүлүктү алып күмүш медалга ээ болду.
Жулкуп көтөрүүдө болсо биринчи укугунда 75 килограммды көтөрө алган түрк улуттук штангист экинчи жана үчүнчү таймаштарында 79 килограмм оордукту көтөрүп жалпы эсепте 184 килограмм менен коло медалга ээ болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар