Улуттук футболчунун ийгилиги
Түрк футболчу Европадагы эң жөндөмдүү 10 жаш футболчунун арасында орун алды.
Германиянын Бундеслига командаларынан Байер Леверкузенде форма кийген улуттук футболчу Хакан Чалханоглу «Guardian» гезити даярдаган «Европадагы эң жөндөмдүү 10 жаш футболчунун» тизмесинде орун алды.
«Guardian» гезити Германияда форма кийген 3, Испания жана Нидерландияда карьерасын уланткан 2, Сербиядан да бир футболчуну тизмеге кошту.
Улуттук командада да форма кийген Чалханоглу жөнүндө бул гезит 21 жаштагы футболчунун өзгөчө штрафтык тебүү жана алыс аралыктан киргизген голдору менен таанылганын жазды.
Гезит Түркиянын Люксембургду 2-1 эсебинде утуп алган мелдеште да Хакандын киргизген голдору менен жеңишке жетишилгенин бөлүштү.
Тизмеде Хакан Чалханоглу менен катар Макс Майер жана Жулиан Дракслер (Шальке), Матео Ковачич (Интер), Мемфис Депай (ПСВ Эйндховен), Пауло Дыбаль (Палермо), Ален Халилович (Барселона), Дэви Классен (Аякс), Никола Нинкович (Партизан), Хесе Родригес (Реал Мадрид) орун алууда.
Тектеш кабарлар
!["Тордун султандары" финалга катышууну гарантиялады...](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/384b/1882/6eee/666bd2eae5fb8.jpg?time=1718571408)
"Тордун султандары" финалга катышууну гарантиялады...
Түркиянын курама командасы өткөн жылы FIVB Улуттар Лигасында чемпион болушкан.